29-декабрга карата аба ырайы


Бүгүн, 29-декабрда Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ойдуңдарында жана өрөөндөрүндө жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана өрөөндөрүндө кар жаайт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын температурасы Чүй жергесинде 8…13, Талас аймагында 7…12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө 9…14, Ысык-Көл облусунда 4…9 градус жылуу болсо, Нарында -4…-9 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаа жана Ош шаарында 11…13 градуска чейин көтөрүлөт.