Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы республика боюнча жеке ветеринардык адистерди ветеринардык биокаражаттарды туура жана коопсуз колдонуу максатында атайын термо чемодандар менен камсыз кылды.
Мындан тышкары, буга чейин республикалык бюджеттин эсебинен ветеринардык биокаражаттарды талаптагыдай шартта сактоо үчүн бардык райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктарга заманбап муздаткыч жабдыктар сатып алынып берилген.
Бул чаралар ветеринардык дары-дармектерди жана вакциналарды тиешелүү стандарттарга ылайык сактоого шарт түзүп, алардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Натыйжада ветеринардык кызматтын ишинин эффективдүүлүгү жогорулап, мал ооруларынын алдын алуу иштери дагы да натыйжалуу жүргүзүлөт.

