Бишкектеги карылар үйүндө өрт чыгып, 2 адам көз жумду


6-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча, Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жерине 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, өрт чектөөгө алынган.

Тилсиз жоодон 15 адам эвакуацияланып, 2 адам каза болгон.