2026-жылдын 6-январында Ош облусунун Өзгөн районунда райондук комиссия тарабынан шаар аймагындагы эт сатуучу жайларда мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – калкты сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк менен камсыз кылуу, эт азыктарынын бааларына көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле мыйзам талаптарынын аткарылышын текшерүү болду.
Мониторингдин жүрүшүндө эт сатуучу жайлардын санитардык абалы, эттин сапаты, ветеринардык документтеринин бар-жогу жана баалардын негиздүүлүгү текшерилди. Ошондой эле сатуучуларга бааларды негизсиз жогорулатпоого, санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоого жана керектөөчүлөргө так маалымат берүүгө байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Өзгөн шаарындагы базарларда:
🔹 Уй эти – 670 сом,
🔹 Кой эти – 680 сом
баада сатылууда.
Райондук комиссия мындан ары да азык-түлүк бааларына көзөмөлдү күчөтүп, калктын кызыкчылыгын коргоо багытындагы иш-чараларды үзгүлтүксүз уланта турганын билдирди.

