Өлкөнүн бардык аймактарында жана Бишкек шаарында 2026-жылдын июнь айына чейин белгилүү бир күндөрү социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлөт.
Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда.
Белгилеп кетсек, Бишкек шаарында өтүп жаткан жарманке ар ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте өткөрүлүп жатат. Бул иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулууда.
Жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.
Жарманкенин негизги максаты — баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу.
Жарманкенин өтүү жайлары:
Т. Усубалиев атындагы аянт;
И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймак;
Эркиндик бульвары (Биринчи Май району).
Катышуучуларга коюлган талаптар:
🔹 Продукция сапаттуу жана гигиеналык талаптарга жооп бериши керек;
🔹 Баалар базар баасынан төмөн болушу зарыл;
🔹 Райондук агрардык башкармалыктан алынган тастыктоочу кат болушу талап кылынат.
Кошумча маалымат жана суроолор үчүн:
(0312) 66-14-22
0702 70 20 00

