8-январга карата аба ырайы


Бүгүн күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт жана түнкүсүн айрым жерлерге туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу «Кыргыз гидрометеорология» кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 3…8, Талас облусунда 2…7, Ош, Жалал-Абад аймактарында 5…10, Баткенде 4…9, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0…5 градустун тегерегинде болот. Ал эми Нарын өрөөнүндө -8…-13кө түшөт.
Бишкекте 6…8, Ош шаарында 7…9 градус болот.