📌 2025-жылдын 11 айында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба тармагын өнүктүрүү, илимий негизде колдоо жана санариптик технологияларды киргизүү багытында бир катар маанилүү иш-чараларды ишке ашырды.
📌 Илимий-изилдөө багытында дыйканчылык, мал чарбачылыгы жана жайыт илими боюнча 35 темада илимий-өндүрүштүк иштер жүргүзүлдү. Алардын катарында «Кыргыз Республикасында айыл чарба малдарынын генетикалык потенциалын жакшыртуунун жана сактоонун илимий негиздерин өнүктүрүү» темасы өзгөчө мааниге ээ.
📌 Айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында «Агродиалог–2025» форуму өткөрүлдү. Иш-чарага 2 521 айылдык товар өндүрүүчү, экспортер, кайра иштетүүчү жана финансы секторунун өкүлдөрү катышып, тармактагы актуалдуу маселелер боюнча кеңири талкуулар жүргүзүлдү.
📌 Санариптик технологияларды айыл чарбасына активдүү киргизүү багытында «Санарип-дыйкан–2025» форуму уюштурулуп, ага 580 мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, фермерлер, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана эл аралык өнөктөштөр катышты.
📌 Фермерлерди жаңы технологияларга үйрөтүү жана практикалык колдоо көрсөтүү максатында «Агрозоовет» окутуу каравандары өткөрүлүп, 760 айылдык товар өндүрүүчү заманбап ыкмалар боюнча билим алышты.
📌 Ошондой эле республика боюнча 26 Фермерлерди тейлөө борборлору (ЦОФ) түзүлүп, 2025-жылдын 11 айында 2 358 фермерге консультациялык жардам көрсөтүлдү.
📌 Мындан тышкары, министрлик тарабынан «Фермерлердин жеке кабинети» жана «3+2+1» пилоттук долбоорлору ишке ашырылып, республика боюнча 240 дыйкан-фермер тандалып алынды. Бул долбоорлордун алкагында өндүрүштүн толук цикли — «талаадан-текчеге чейин» коштолуп, практикалык жардам көрсөтүлүүдө.

