Окуучу кыздарды сүздү деп айыпталып жаткан айдоочу мас болуп рулга отуруп, милиция кызматкерине кол көтөргөн


Сокулук районунда тартип сакчылары мас айдоочуну токтотуп, текшерүүгө алып бара жатканда ал каршылык көрсөтүп, унаадан секирип кетүүгө аракет кылган. Кийин наркология бөлүмүндө ал милиция кызматкерине кол көтөрүп, бир нече ирет уруп жиберген. Натыйжада милиция кызматкери башынан жаракат алган.

“Бейбаштык” боюнча иш козголуп, 32 жаштагы шектүү камакка алынды.

Чүй ОИИБи кармалган жаран 2022-жылы Сокулукта эки окуучу кызды сүзүп, качып кеткен деп айыпталып, иш учурда сотто каралып жатканын кошумчалады. Маалыматка ылайык, кырсыктан кыздар оор жаракат алышкан.