Ысык-Көлдө эки жигит жашы жете элек кызга карата зордук-зомбулук көрсөтүүгө шектелүүдө


Каракол шаарында буга чейин издөө жарыяланган 2010-жылы туулган кыз табылды. Милицияга шаардын тургуну арыз менен кайрылып, 2010-жылы туулган кызы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өспүрүм кыз табылып, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Сурамжылоо учурунда ал Ак-Суу айылында ага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер жасалганын айтып берген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары 2006-жылы туулган эки жергиликтүү тургун кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар күнөөсүн моюнга алып, убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.