Адашкандын айыбы жок, эгер жолун тапкан соң дешет го, анын сыңары менин биринчи турмушумда Муратты абдан сүйдүм, тасмалардагыдай махабат бизде болгон десем жаңылбайм.
Ал экөөбүз турмуштун ысык-суугун бирге татып, 3 жылдай чогуу жашаганбыз. Ал арада 1 уулдуу болуп, ал экиге чыкканда экинчи жолу дагы кош бойлуу болуп калдым. Жашообуз жакшы эле нукта өтүп жаткан, бирок экинчи ирет кыздуу болгонубузда кызым 1 жумадай эле жашап, өпкөсүнө дем жетпей чарчап калды. Кызыбызды жоготкондон кийин Мурат экөөбүздүн ортобуздагы мамилеге дубал коюлуп, мурдагыдай сүйлөшпөй калдык.
Балама эптеп көңүл бурганым менен жашоом караңгылап, өзүмдү-өзүм түшүнбөй, күндөн-күнгө абалым начарлап, депрессиянын түбүнө түшүп кете бердим. Балким кызымдын 1 жумалык өмүрүн көрбөсөм мынчалык кыйналмак эместирмин…
Мурат алыстагандан алыстап, үйгө келбей, акыры бир чечимге келип Москвага кетип, иштеп келейин деген шылтоону тапты. Балким ошондо ортобузда колдоо, бири-бирибизге болгон таяныч болгондо үй-бүлөбүздү сактап калат белек, ким билсин..?
Балам менен кайын журтумдун колунда жашап жүрө бердик, башында бир аз байланышып жүрдүк, бара-бара үйдөгүлөр менен дагы байланышты үзүп, баласынын абалын да сурабай калды.
Билинбей, арадан 2 жылдай убакыт өтүп, жашообуз мындан ары болбосун түшүнгөнүмдө кайненеме айтып өзүмчө батирге чыгып кеттим. Жалгыз жашоо, баланын түйшүгү, тиричилик деп жүрүп, өзүмдү таптакыр унутуп койдум. Жаныбызда кичинекей дүкөнгө сатуучу болуп кирип, күнүмдүк оокатым өтө берди.
Бир жолу каралбай калган социалдык баракчама кирсем Мураттын сүрөттөрүн көрүп калдым. Бизди эбак унутканы байкалат, анткени жанында суйкайган бир айымды көрдүм. Москванын кызыл аянтында экөөнүн күлүп түшкөн сүрөтү жүрөгүмдү тилип өтүп, ичимде жашаган үмүттү жок кылды.
Ошол күндөн баштап менде жаңы максат пайда болду, каралбай калган кебетемди биринчи жолу сындап карадым, өзүмө ачууландым, жашырынып жаткан көз жашымды көлдөй төктүм. Кызымдын азасын ошол армандуу түнү чыгардым.
Эртеси дүкөндүн кожойкеси менен сүйлөшүп, жаңы иш башташым керектигин айттым. Ал эжем мага буга чейин да көп жолу колдоо көрсөтүп келген, мунусунда дагы тигүү цехине башкаруучу кылып койду, бирок бул ишти билбейм дегениме карабай үйрөнүп кетишиме ишенип, 1 ай мөөнөт берди.
Чаң, жип аралашкан жашоого баламды да сүйрөп жүрдүм, ал да көңдү.
Ошентип, 1 ай эмес, 2 жыл өттү, цехте технолог болуп иштеп жаттым, жанымдагы мектепке баламды окууга берип, убактым кеңейип, өзүмө көңүл буруп баштадым. Аял киши өзүн сүйө баштаганда гана айланасындагы адамдарга да сулуу экенине ынандыра алат турбайбы. Биз иштеген цехтин жанында 3-4 цех бар, сыртка чыкканда көрүшүп калабыз. Ошол бир цехтин ээси Нурадил байке кийинки күндөрү мени менен саламдашып, түшкү тамактанууга чакырып, экөөбүз жакын мамиле куруп баштадык. Ошентсе да жүрөгүм Муратты кое бере элек, бирок жашоомду улантышым керек экенин түшүнүп Нурадил байкенин турмуш куруу сунушун кабыл алдым. Ал да жубайын жоготконуна 5 жыл болуптур. Көп сүйлөбөгөн, бирок сүйлөсө аткарган, көңүлүмдү карап турган Нурадил менен өмүр бою бир болом деп никелештик. Сүйүп жашап орто жолдо калдым, мунусунда сүйбөй жашап баркталып жатам, тагдыр таң калыштуу ээ?
Күндөр өтүп жатты, кызымдан кийин балалуу болуу коркунучу ээлеп алган, бирок жараткандын бизге болгон планы башкача тура. Кайрадан кош бойлуу болдум, эч кимге жар салганым жок, тынч гана 9 ай көтөрүп, туулганына эмес турганына сүйүндүм. Ооба, мунусунда да кыз төрөлдү, атасына окшош… Мурда көргөн азабымдын баарын ушул кызым жууп кеткенсип, өтмүшүмдү унута түшкөнсүдүм.
Бир жолу мурдагы кайненем чалды, неберем менен жолугам деп, макул болуп жолугушууга бардык. Көргөн көзүмө ишенбей жалдырап калдым, маңдайымда Мурат турду. Кайрылып басып кетким келди, балам жүгүрүп барып кучактап калды, кан тартат деген чын окшойт. Айла жок отуруп сүйлөштүк, көптөгөн актануулар, даттануулар, айтор сөздүн аягында мен күнөөлүү болуп чыга келдим. Көрсө көңүл калганда сүйүү деле унутулуп, ордун боштук ээлеп алат экен. Мен ошол күнү Муратты жүрөгүмдөн бошоттум, өзүм да бошондум. Көп сөз айткым келди, унчукпай кетип калууну эп көрдүм, уулумду жетелеп кетип калдым. Ушунча жыл балаңды сураган жоксуң, мындан кийин да сураба деген акыркы сөзүм болду.
Үйгө келип, Нурадилге жайыл дасторкон жайып, уулума мындан кийин да аталык мээримиңди аксатпай, туура тарбия берип чоңойтчу деп сурандым. “Ал ансыз деле менин балам” деген жообун угуп, ыраазы боло жүзүнөн сүйүп алдым.
Туура жолду, татыктуу адамды тапканыма сүйүндүм. Бүгүн мен бактылуумун!
Автор: Асель Жаныбек
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.

