2026-жылдын 15-январында Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары М.И. Дуйшеев «Айыл Банк» ААКтын жана «Элдик Банк» ААКтын жетекчилиги менен биргеликте Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондоруна иш сапары менен барды.
Иш сапардын жүрүшүндө ал агроөнөр жай комплексин колдоо боюнча мамлекеттик программалардын алкагында жеңилдетилген насыя алган малды бордоп семиртүү жана көбөйтүү менен алектенген бир катар мал чарба субъектилерине барды.
Сапардын негизги максаты – долбоорлорду ишке ашыруунун иш жүзүндөгү жыйынтыктары менен таанышуу, ошондой эле жеңилдетилген кредиттик каражаттардын натыйжалуулугун жана максаттуу пайдаланылышын баалоо, ошондой эле жер-жерлерде ишке ашырылып жаткан долбоорлордун иш жүзүндөгү натыйжаларын талдоо болду.
Фермерлер, ишкерлер менен жолугушуулардын жүрүшүндө эт продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, айыл чарба малдарынын санын көбөйтүү, материалдык-техникалык базаны модернизациялоо, ошондой эле айыл жергесинде жумуш орундарын түзүү маселелери каралды.
Иш сапардын жыйынтыгы боюнча жеңилдетилген насыялоо эт мал чарбасын өнүктүрүүгө, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн инвестициялык активдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди. Алынган материалдар жана сунуштар тармакты мамлекеттик колдоо механизмдерин андан ары өркүндөтүүдө колдонулмакчы.

