Бишкекте курулуш компанияга 200 000 сом айып салынды


Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсүндөгү 29 дарегинде жайгашкан 4 кабаттуу медициналык борбордун курулушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерин министр Нурдан Орунтаев текшерүүгө алган.
Рейддик иш-чарада имаратты жана курулмаларды долбоорлоодо жана курууда техникалык регламенттин талаптары сакталган эмес. Ошондой эле алар менен байланышкан бир нече ченемдик-укуктук актылар бузулган. Мындан улам курулуш иштерин жүргүзгөн «Палладий Групп» ЖЧКсына карата 200 000 миң сом өлчөмүндө айып салынып, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.