ЖК депутаты Гүлшаркан Култаева Маданият министрлиги Чынгыз Айтматов жөнүндө айткан Сыймык Жапыкеевдин аракеттерине юридикалык баа бериши керек деп билдирди. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитет жыйынында билдирди.
«Сиздер руханий мурасты мыйзамдуу түрдө коргой тургандар силерсиздер. Улууу жазуучубуз, инсаныбыз туурасында жараныбыз Сыймык Жапыкеев баа берип атса, сиздер унчукпай отурасыздар. Мен сизден юридикалык баа берүүнү талап кылам», — деди депутат.
Ал ошондой эле бул билдирүү социалдык тармакта тарап, муну башка мамлекеттер да көрүшү мүмкүн экенин кошумчалады.
Маданият министринин орун басары Марат Тагаев «психикалык абалын ошол психикалык оорукананга жаткырып текшере турчу адамдан Чыңгыз Айтматов коргоого муктаж эмес деп ойлойм», — деп жооп берди.

