2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытай мамлекетинин калкы 3,39 миллион адамга кыскарып, 1 млрд 404 миллионду түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика бюросуна таянып, РИА Новости кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Гонконг, Макао, Тайвань аймактарынын тургундары жана чет өлкөлүк жарандар эсепке алынган эмес. Былтыркы жылы төрөлүү көрсөткүчү 5,63 промиллени, өлүм көрсөткүчү 8,04 промиллени түздү. Калктын курамында эркектер 716,85 миллион, аялдар 688,04 миллион адамды түзөт. 16-59 жаштагылар жалпы калктын 60,6 пайызын, ал эми 60 жаштан жогоркулар 23 пайызын түзөт, анын ичинен 65 жаштан жогоркулар 15,9 пайызга барабар.
Адистер Кытайда демографиялык олуттуу көйгөйлөр бар экенин, анын ичинде калктын картаюусу жана гендердик тең салмаксыздык күчөп жатканын белгилешет. Буга негизги себептердин бири — 1970-жылдардын аягында киргизилген “бир үй-бүлө — бир бала” саясаты. Аталган саясатка ылайык, шаарларда бир балага, ал эми айыл жерлеринде биринчи бала кыз болсо, эки балага уруксат берилген.
Мындан тышкары, өлкөдө никеге турууну каалагандардын саны да азайып жатат. Маселен, 2022-жылы Кытайда болгону 6,8 миллион нике катталып, бул акыркы 37 жылдагы эң төмөн көрсөткүч болгон.
2013-жылдан тарта бийлик төрөттү чектөөчү саясатты акырындан жумшарта баштаган. 2016-жылы бардык үй-бүлөлөргө экинчи балага уруксат берилсе, 2021-жылы мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, үчүнчү балага расмий уруксат берилген жана мурдагы айып пулдар толугу менен жоюлган.

