2026-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Өзбекстан–Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Министрликтин атынан министрдин орун басары Б.Т. Бекболотов, ошондой эле, долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) секторунун башчысы И.А. Анарбеков катышты. Ал эми Фонддун атынан Фонддун Төрагасы Аалиев Азиз Кубанычбекович, Башкармалыктын мүчөсү Бакиров Жетиген Жокенович, ошондой эле Фонддун кредиттөө департаментинин директору Кубанычбек Касымбек уулу катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө агроөнөр жай тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Фонддун өкүлдөрү биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Тараптар тажрыйба алмашып, долбоорлорду ишке ашыруунун шарттары жана талаптары боюнча пикир алышты, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун мындан аркы кадамдарын белгилешти.

