2026-жылдын 22-январында Өзгөн районунда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган «АгроЗооВет–2026» окуу караванынын алкагында окутуу семинары өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — дыйкан-фермерлердин жана айыл чарба тармагындагы адистердин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу, ошондой эле тармактагы актуалдуу маселелер боюнча кеңири маалымат берүү болуп саналат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

