Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан Чүй облусунун Токмок шаарында дыйкандар жана фермерлер үчүн окуу-семинары уюштурулду.
Семинардын темасы: «Топурактын асылдуулугун жогорулатуу жана өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо».
Иш-чаранын жүрүшүндө адистер тарабынан аймакта кеңири таралган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизги зыянкечтери, илдеттери жана отоо чөптөрү боюнча презентациялар көрсөтүлдү. Ошондой эле минералдык жер семирткичтерди туура жана натыйжалуу колдонуу боюнча практикалык сунуштар берилди.
Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга маалыматтык- материалдар таратылып, дыйкандардын суроолоруна кеңири жооптор берилди. Бул иш-чара айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугу жогорулатууга жана жергиликтүү дыйкандардын билимин тереңдетүүгө багытталган.

