Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, Ош шаарында “Ош-сити” долбоорунун IT шаарчасынын курулушун баштоого старт берди.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Ордолуу Ош облусунун кымбаттуу тургундары!
Урматтуу шаарлыктар!
Бүгүнкү саамалыктын катышуучулары!
Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири, Улуу Жибек жолунун чордонунда жайгашкан Ош калаасы кылымдар алмашып, доорлор өзгөрсө да ыйык Сулайман-Тоосу, Ак-Буура дарыясы, эмгекчил эли менен өзгөчөлөнүп, азыр да меймандарды суктандырып келет. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндө өзгөчө орду бар Ош шаары учурда саясий, экономикалык, илимий жана маданий багытта өнүгүү жолунда баратат.
Бүгүн биз ушундай даңазалуу калаабыздын дагы бир жаңы этабын ачып, «Ош-сити» долбоорунун IT шаарчасынын курулушун баштоонун урматына мезгил кутусун салганы турабыз.
Бул долбоордун негизги максаты – мамлекеттик саясаттын алкагында региондорду туруктуу өнүктүрүү, заманбап ыкмаларды колдонуу менен массалык турак жай курулушун жандандыруу. Ошондой эле IT-тармагын колдоо аркылуу Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу Ош шаарынын жана жалпы өлкөбүздүн экономикалык, социалдык, технологиялык өнүгүүсүн ылдамдатуу болуп саналат.
Буюрса, меймандос, көп этностуу шаарыбыз ынтымак байырлаган баалуулуктары менен катар жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий жана материалдык көрөңгөсүн байытып, Улуу Жибек жолунун провайдери болуп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын чордонунда дүйнөнүн туш тарабынан агылып кирип-чыккан туристтердин сүйүктүү аймагына айланат.
Анткени, Ош шаарынын инфратүзүмүн жакшыртуу, көркүнө көрк кошуп, ар тараптуу өнүгүүсү үчүн алгылыктуу иштер аткарылууда. Алардын негизгилеринин бири – жаңыдан мезгил кутусу салына турган мына ушул “Ош-сити” долбоорунун IT шаарчасы.
IT шаарчасы — жашоочулар, ишкерлер жана IT-адистер үчүн заманбап инновациялык комплекстин курамы болмокчу. Ал өзүнө калктын жана бизнестин талаптарына жооп берген заманбап, ыңгайлуу жана жогорку технологиялуу турак-жай, социалдык, коммерциялык жана IT-объектилердин комплекстүү курулушун камтыйт.
Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу маалында жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга жана курулуш, маалымат технологиялары сыяктуу негизги секторлорду өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт.
“Эмгек кылган эл өнүгөт” дегендей, курулуш этабында миңдеген жумуш орундары жаралып, бир четинен миграциянын деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этет. IT шаарчасы салынып бүткөндөн кийин турак-жай тейлөө, соода жана кызмат көрсөтүү, билим берүү жана саламаттык сактоо, IT-чөйрөсүндө жумуш орундары уюштурулат.
Бул долбоордун алкагында жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн, 10 000ден (он миңден) ашуун батири менен ири турак-жай комплекси курулмакчы. Ушул жерден баса белгилеп айта кетейин, курулган турай үйлөрдөн батирлер Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүлүп берилмекчи. Жарандарыбызга баштапкы төлөмү жок, 20-25 жылга ипотекага берилет. Бул миңдеген жарандарыбыз МИК аркылуу аталган турак жай комплексинен үйлүү-жайлуу болуп калат деген сөз.
Турак-жайлар энергия үнөмдөөчү системалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылат.
Көп тармактуу жаңы турак-жай комплексинде балдар үчүн сапаттуу жана заманбап билим берүүчү мектептер, бала бакчалар курулат. IT-шаарчасынын тургундарын медициналык жактан тейлөө үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган көп тармактуу медициналык мекеме салынып, ал амбулатордук бөлүм, төрөт үйү жана диагностикалык борборлорду камтымакчы. Андан сырткары, спорттук залдар, жөө басууга ыңгайлуу өзүнчө жолдор, веложолдор, жашыл зоналар менен эс алуу аймактары, балдар үчүн оюн аянтчалары жана чоңдор үчүн активдүү эс алуу аймактары курулат.
Өзүңүздөр байкагандай, долбоордун эң маанилүү аспектилеринин бири Ош шаарында IT-тармагын өнүктүрүү болуп саналат. Технологиялар жана санарип чечимдер чөйрөсүндөгү инновациялык компаниялар жана стартаптар үчүн офистик жана коммерциялык аянттар ыңгайлуу шарттарда берилет.
«Жаштар – жаркын келечектин пайдубалы» деп бекеринен айтылбаса керек. Дал ушул жерде IT адистерине, стартаптарга жана билимге умтулган жаштарга зор мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бул технологиялык бизнести өнүктүрүүгө, ошондой эле IT-тармагына жаңы инвесторлорду жана адистерди тартууга жардам берет. Стартаптар менен IT-компаниялар үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү жумушчу орундардын санын көбөйтүүгө, чакан жана орто ишканалардын өсүшүнө өбөлгө болот.
Ошондой эле миңдеген адистер үчүн IT-Hub түзүлмөкчү.
Бул шаарчага Кыргызстандын башка аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн адистерди тартып, жаңы технологиялык демилгелердин башат алган жерине айланат.
Шаарчада IT секторунун өнүгүшү аймактагы коммерциялык ишканалардын санынын өсүшүнө таасир этүү менен, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана мамлекеттик программаларды каржылоого кошумча ресурстарды багыттоого алып келет.
Бул долбоор Ош шаарынын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүшүн камсыз кыла турган маанилүү кадам болуп саналат. Бара-бара жалпы эле региондун заманбап технологиялык жана социалдык борборуна айланат деп үмүт артып турабыз.
Бүгүнкү салтанатка катышып жаткан кадырлуу аксакалдар, Ош шаарынын интеллигенция өкүлдөрү жана жалпы эле агайын-туугандар!
“Ынтымак бар жерде – ырыс бар”, — дейт элибиз. Ынтымактуу бололу, ынтымагыбыз ыдыраса, ырыскыбыздын баары бир тыйынга да татыбайт. Ошону унутпайлы. Ошондуктан социалдык инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган “Ош-сити” сыяктуу мамлекетибизге пайда алып келе турган ири долбоорлорду баарыбыз биргеликте, ынтымакта ишке ашыралы.
Келечек ээлери болгон жаштарыбыздын илим-билимге, инновацияга умтуулусуна шарт түзүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берели.
IT шаарчасы жалпы эле Ош шаарынын өсүп-өнүгүүсүнүн, жаңы жетишкендиктеринин башаты болсун, берекеси артып, элибизге тынчтык жана молчулук тартууласын!
Көңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат!”.