30 жыл мурун токтоп калган Ош-Наманган-Касансай унаа каттамы жанданды. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, каттам “Достук” чек ара бекети аркылуу Өзбекстанга өтүп, Касансай районуна чейин барат.
Ал жерден кыргыз-өзбек чек арасындагы “Баймак” көзөмөл бекети аркылуу Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна өтсө болот. Муну менен Оштон Ала-Букага 3,5 саатта жетсе болот. Буга чейин аталган районго түштүк калаа аркылуу баргандар 8-9 саат жол жүрүп келишкен.
Белгиленгендей, Ош-Наманган-Касансай аркылуу сапарга чыккандар чек ара бекеттеринде да көпкө кармалбайт, алар үчүн “жашыл коридор” иштейт.