АКШ соту Кыргызстандын жаранын эркинен ажыратууга өкүм чыгарды


22-январда АКШ соту Кыргызстандын жараны Ж. С. А.га карата айыптоо өкүмүн чыгарып, ага эркинен ажыратуу жазасын белгиледи. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

ТИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылы аталган жаранды кармоо менен америкалык укук коргоо органдары алектенген. Тиешелүү маалымат буга чейин америкалык тараптан алынган.

Кармоодон кийин Кыргызстандын АКШдагы консулдук мекемелери жаран менен байланыш түзүп, зарыл көмөк көрсөткөн. ТИМ аны менен туруктуу байланышта болуп, эл аралык укук жана АКШ мыйзамдарынын алкагында укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн консультация берилгенин билдирди.