Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн чет элдик жаран «Манас» аэропортунан кармалды


Бугүн, 28-январда «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 1988-жылы туулган С.В. аттуу жаранга Интерпол тарабынан эл аралык издөө жарыяланган. Ал Франциянын кылмыш мыйзамдарына ылайык, төмөнкү кылмыштарга шектелүүдө:

  • Чет элдиктердин өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө жана жүрүүсүнө көмөктөшүү;

  • Жасалма документтерди колдонуу;

  • Алдамчылык;

  • Кылмыштуу топторго катышуу.

Кармалган жаран Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.