Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2025-жылдын ноябрында банктар 34,3 млрд сом насыя берген — бул жыл ичиндеги эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири. Салыштыруу үчүн: октябрда дээрлик 44,9 млрд, апрелде 56,1 млрд сомдон ашык берилген.
Ошол эле учурда 11 айда кыргызстандыктар жана бизнес 458 млрд сомдон ашык насыя алышкан. Ноябрда каражаттын эң чоң бөлүгү керектөө насыяларына кетти — 18,5 млрд сом, андан кийин соодага — 6,2 млрд сом.
Экономист Искендер Шаршеев төмөндөөнү сезондук фактор менен түшүндүрөт: Жаңы жыл алдында насыялоо салттуу түрдө басаңдайт, ал эми көп ишкерлер каржылоону жайдын аягында же күздүн башында эле алып бүткөн.

