Тарыхый-драмалык көркөм фильм мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган. Ал былтыр июль айынан бери тартылууда. Учурда тасманын айрым бөлүгү “Москино” кинопаркында тартылып жатат.
“Бул окуя улуттук кинематография тарыхында өзгөчө мааниге ээ, анткени кыргыз киночулары аталган кинопаркта биринчи жолу көркөм фильм тартып жатышат. Ага Россия, Казакстандын белгилүү киноактерлору катышууда”, — деп белгилеген Маданият министрлиги.
Фильмдин бет ачары быйыл август айында болот.

