15-февралда күндүз республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, өлкөнүн көп жерине туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 2…7, Ысык-Көл, Талас облустарында 1…6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 4…9, Ысык-Көл жеринде 0…+5, Нарын чөлкөмүндө -2…+3 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 4…6, Ош шаарында 5…7 градусту көрсөтөт.

