Улуттук гвардияда ачык эшик күнү өттү


2025-жылдын 14–февралында КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө Чуй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан орто мектептердин окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага аскер бөлүктүн командири гвардиянын полковниги Н.Түлөбердиев, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы У.Байгубатова, аскер кызматчылар, 300 дөн ашуун мектеп окуучулары жана чакырылган коноктор катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын назарына, жоокерлердин ашканасына жана казармасына болгон экскурсия, аскер кызматчылары тарабынан даярдалган саптык даярдыктын көнүгүүлөрү жана кол уруш боюнча ыкмалар тартууланып, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү камтыган кеңири программа тартууланып, андан соң мектеп окуучуларынын катышуусунда спорттук оюндар уюштурулду.
Катышуучулар үчүн даярдалган программаны абдан кызыктуу өтүп, соңунда спорттук оюндун жеңүүчүлөрү грамота жана кубок менен сыйланышты.