Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 100гө жакын үйдү бузуу керек. Бул тууралуу эл өкүлү Жылдыз Садырбаева билдирген.
Депутат Жаныбек Абиров да бул долбоорду башкы пландан алып салууну суранды. Анын айтымында, аталган райондун тургундары үйлөрү бузулары боюнча кабарлардан улам турак-жайын сата албай жатышат.
Вице-мэр Азамат Кадыров бул долбоор 1981-жылдан бери бар экенин, бирок мурда башкы пландар жашыруун болгондуктан коомчулукка маалым болбогонун айтты.
“Долбоорду ишке ашыруу азыр эле башталып кетпейт. Башкы план шаарды 25 жылдык мөөнөткө өнүктүрүүгө багытталган”, — деди ал.

