Тагдыр: … Озондоп ыйладым, жылдар бою катылган бугумду ошол күнү чыгардым…


Бишкектин күрү-күү шаңдуу, ызы-чуусу бүтпөгөн көчөлөрүнүн биринде ойлуу баратсам “Астра, сенби?” деген үндү угуп калдым, жалт бурулуп карасам, илгерки менин эң жакын курбум Назиш экен, өзүнүн аты Айназик, бирок аны мен Назиш дечүмүн. Көп жылдар бою жакын курбу болуп, ичибиздеги болгон сырды бири-бирибизге айтып жүрчүбүз, кайсы бир маалда келишпестиктерден улам достугубуз үзүлгөн. Бүгүн мынтип ал курбум менен кайрадан жолдорубуз бирикти. Ырас, сени мага Кудай өзү жөнөттү, болбосо жарылайын деп айла таппай тургам дедим.

— “Жүрү, жай отуруп бир жерден сүйлөшөлү” дегенде кадимкидей эреркеп кетип көзүмдөн жашым кылгырып турду.

Экөөбүз көпкө чейин отурдук, анан ал менин үй бүлөм тууралуу сурап калды, мына ошондо чындап ыйлап жибердим.

Мурдагы Алмаз азыр такыр өзгөргөн, башка адамга айланган, башымдан далай ирет аттады, мунусунда чындап кетет окшойт деп үнүм дирилдеп кетти. Мага таң калып бүтө электе, окуянын чоо жайын айтып баштадым.

Анда мен да, Назиш да экинчи курс болчубуз, ошондо бизден эки курс жогору окуган Алмаздын сүйлөшкөн кызы бар болсо да жактырып калгам, сүйүүгө даба да, дары да жок экенин ошондо билдим.

Экөөнү карап алып аябай суктанчумун, бирок алардын да бактылары көпкө узаган жок. Анткени Алмаз дос балдары менен тойго бара жатышып автокырсыкка учурап, тилекке каршы баса албай коляскага отуруп калды. Ошол кезде Алмазды кара булут каптап, жанындагы жакындагылар кетип, окууну таштап, сүйүп жүргөн кызы да таштап кетти. Эмнегедир айланчыктап эле жанында мен жүрчү болдум, күнүгө ооруканага каттап, апам жасап берген тамакты ташып жаттым. Бара-бара Алмаздын жүрөгүн жибиттим окшойт, же мага көнүп калдыбы билбейм, ал да мени издеп баштады. Анын үстүнө менин кылып жаткан жакшылыгым үчүн да кыжалат болду көрүнөт. Ошентип өзүм сүйүп жүргөн Алмаз экөөбүз кыз-жигит болуп калдык.

Ошондо бир гана Назиш биздин мамилеге каршы чыгып, “Алмаз менен келечегиң болбойт, ал сени колдонуп, бутка турганда таштап кетет, ишенбечи” деп көп кайталап жүрдү. Бирок мен ал кезде Назишти көрө албастык кылып жатат деп байланышту үзүп салдым. Ал көп жолу чалып, мени менен жолукчу жолдорду издеп жүрдү, ага да болбодум.

Арадан 1 жылдан ашык убакыт өтүп, Алмаз өз калыбына келип, буттары кыймылдап баштады, дарыгерлер жакшы үмүт беришти. Алмаз экөөбүздө тең стимул пайда болуп, колубуздан келген аракетибизди кылып жаттык. Ошол кезде Алмаздын апасы да катуу ооруп калды. Үйгө жардамдашчу киши керек болдубу же мага көнүп калдыбы, айтор мага турмушка чыгуу сунушун айтты. Ойлонбостон дароо макул болдум. Жакындар арасында карапайым, кичинекей түлөө өткөрүп, ошону менен тим болуп, биздин үй-бүлөлүк жашообуз башталды. Күнүгө кайталанган оокат, тиричилик, эки ооруган кишини карайм, кыскасы алар менен чогуу өзүм да чүнчүп бараттым.

Жалдырап жүрүп өзүм тийгем, эми даттанууга акым жок деп жүргөн мезгилде балалуу болдук. Алмаздын абалы мурдагыдан кыйла жакшырды, мурда коляскада отурса, эми балдак менен баса баштады.

Биринчи балам үчкө чыкканда экинчим боюма болду, аны эмнегедир каалаган жокмун, алдырып салайын дегениме кайненем болбой төрөмөй болдум.

Ошондой күндөрдүн биринде кайненем бул дүйнө менен коштошуп кете берди. Жайы бейиштен болсун.

Апамды (кайненемди) жерге бергенден кийин эле толгоом башталып, экинчи уулумду жарык дүйнөгө алып келдим. Алмаз болсо бир кайгырып, балдарын карап кубанып, ал да жашоо менен алпурушуп жатты. Ортобузда кыйраткан ысык сүйүү болбосо да сый мамилебиз ортобузду бириктирип турат, мендеги сүйүү тиричилик менен чогуу жок болду көрүнөт.

Мына эми Алмаз мурдагы студент кездегидей басып, өзүнө келип, бутка туруп, атасынан калган ишти улантып баштады.

Жашообуз да бир аз жеңилдегенсиди, балдарым менен баары жакшы деп жүргөн маалда Алмаз башка адамдай өзгөрүп, телефонун катып, көп убактысын сырттагы досторуна, башка кыздарга арнай баштады. Баягы кыргызда “эшек ылайдан өттү” деген жакшы сөз бар эмеспи, ошондой болду бул жагы…

Баарына көз жумдум, акыркы кездери ичип да келчү болду, ага да макул болдум.

Өмүрүмдүн гүлдөгөн жылдарын башка эле адамга арнап койгонумду билдим, Алмаз жанымда жүргөнү менен жүрөгү башка адамда калыптыр.

Бир жолу катуу мас болуп келгенде студент кездеги сүйгөн кызынын атын атап, ага болгон таарынычын, жек көрүүсүн, сүйүүсүн айтып боздоду.

Угуп туруп басып кеттим, менде калган сезимдер ошол күнү өчтүбү же көңүл калдыбы, өзүм түшүнбөдүм, эң өкүнгөнүм – бекерге өткөн жылдарым болду.

Кийинки күндөрү Алмаз экөөбүз аялы күйөөсү болуп сүйлөшпөй да калдык, бирок анын маанайы көтөрүлүп, мурдагыдан кулпуруп, өзүнө жарашыктуу кийимдер менен жумушуна кетип жатты. Көрсө, өзү издеп жүрүп мурдагы сүйгөн адамын тааптыр, ал да жолдошунан ажырашыптыр, ошого кубанып жүрүптүр, аны мен телефонун аңдып жатып байкадым. Мурдагыдан да жакшынакай болуп кеткен тиги аялды көрүп, ичим ачышты, экөөнүн сүрөтүн карап кечке отурдум, бир кезде Алмаз кирип келди, ошондо бардык чындыкты өз оозунан уктум. Мени менен ажырашууга камданып жүргөнүн, кантип айтаарын билбей бушайман болгонун, менин алдымда карыз экенин, балдарга кам көрүп багаарын, мурдагы сүйгөнү жок жашоосу кызыксыз экенин айтып, мага ажырашуу үчүн даярдалган документти таштап кетти.

Отуруп алып озондоп ыйладым, жылдар бою катылган бугумду ошол күнү чыгардым, таң атканга чейин көз жашым токтогон жок.

Эртеси, анын эртеси жөн эле көчөгө чыгып башым оогон жакка кете берген адат чыгардым. Мына ошондой күндөрдүн биринде Назишке жолуктум, ал мага суусап турган мезгилде суу болуп берди, мага жол көрсөттү, сырымды сындап эмес, ичимдеги оор жүктү чогуу көтөрүштү, андан далай жолу кечирим сурадым.

Азыр ал мени психологго алып барып жүрөт, бир аз болсо да өзүмө келип, акырындап жеңилдеп бара жаткандаймын…

Урматтуу жаш сулуулар, кыздар! Менин кетирген каталарымды кетирбегиле, суранам!

Бир эркек үчүн өзүңөрдү кошо унутуп, бүтүндөй арнап албагыла, эртең бир нерсе болуп кетсе, кайра өзүнөрдү чогултуш оор болот, ал эми жалындуу жаштык жылдары кайра кайтып келбейт, өзүңөрдүн адамыңардын жолуктурмайынча чоочун адамга өмүрүңөрдү байлабагыла! Бакытың үчүн күрөш деп айтышат, бирок сен үчүн арыкты аттай албаган адам үчүн океанды кечпегиле!

Акылсыздык кылсам да акылдуу кеңеш айтууга уруксат эткиле жана бактылуу болгула.

Автор: Асель Жаныбек

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.