Кыргыз зер буюмдарын дүйнөлүк бренддерден артта калбагандай деңгээлге жеткирүү ниетинде иштеп жаткан ишкер, дизайнер Каныкей Батырова “зергерчилик иштери тууралуу маек берди.
— Алтын дүйнөсүнө кантип келип калдыңыз?
— Мен жеке ишкер болгондуктан, бизнес жаатында көп жүрүп, Кыргызстанга дагы кантип салым кошом деп ойлондум. Президент Кумтөрдү өлкөгө кайтарып алгандан кийин рынокту анализ кылып көрсөм, Кыргызстандын жүзү боло турган бир дагы зер брендибиз жок экен. Башка мамлекеттерде таанымал бренддер бар, алар өлкөсүнүн жүзү болуп саналат. Мен дагы анан алтыныбыз турганда өзүбүздүн брендибизди ойлоп таптым. Азыр биздин продукциябызды көрүп, «ушулар да бизден жасалабы, сапаты дүйнөлүк бренддерден кем калбайт го» деген сөздөрдү угуп өтө кубанып жатам. Себеби, алтындан жасалган зер буюмдарыбыз чет өлкөлөрдүкүнөн ашса ашат, бирок кем калбайт дегенди көрсөтүп жатам.

— Зер буюмдарыңызга кызыгуу кандай, баасы тууралуу да айтсаңыз?
— Мисалы, билериктин баасы 350 миң сом. Себеби, мында алтындын салмагы көп, колго жасалган, бир канча этаптан өткөн татаал иш. Ал эми дүйнөлүк бренддердин ушундай эле билериктери 100 миң доллардан жогору турат. Азыр миңдеген доллар турса да кымбат болгонуна карабай алган жарандарыбыз бар экен. Эми биздин кыргыз өндүрүшүнөн чыккан зер буюмдарды кардарларыбыз алып баштаса деген ойдомун. Анткени кыргыз алтыны сапаты жагынан, баасы жагынан да дүйнөлүк бренддердикинен артта калбашы керек. Алтындын келечеги бар, биз бул менен дүйнөлүк рынокко чыга алабыз. “Айгүл гүлү” деген эмгегибизге туристтер да кызыгып, сатып алышууда. Шакекте эле эмес, гүлдү сумкаларга да түшүргөнбүз. Алтын мончоктор менен кооздолгон чапаныбызды Москвадан бир эже өзүнө алды. Чет өлкөлүктөр да биздин улуттук кийимдерибизге суктанышууда.

— Азыр ички рыноктон тышкары, сыртка да чыгып жатасыздарбы?
— Өтө көп санда болбосо да алтыныбызды сатып жатабыз. Быйыл чет мамлекеттерге чыгалы деп турабыз. Алмазы менен болгон зер буюмдарга да кызыгуу чоң экенин байкадым. Азыр “Айгүл гүлү” шакегибизди алмаз менен кооздоп жасап жатабыз. Биз кыргыз өндүрүшүнөн чыккан продукцияларды сатып алып, колдоо көрсөтүшүбүз керек. Азыр бул жагынан колдоо жакшы. Учурда Кыргызстандан чыккан люкс бренд жаратуунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул сунуштарым менен мамлекеттик органдарга кайрылдым. Алар бул демилгемди карап көрөлү дешти. Анткени бул бренд менен мамлекетибизди эл аралык рынокко тааныта алабыз.

— Зергерчилик менен алектенген ишкерлерге бир катар жеңилдиктерди камтыган мыйзам ишке кирди. Мамлекеттин колдоосу бул тармакка кандай болуп жатат?
— Президент Садыр Жапаровго ыраазычылыгымды айтып кетет элем. Бизге салыктык жактан жеңилдиктер киргизилди. Ошондой эле өндүрүүчүлөргө мамлекет колдонуу үчүн 180 күнгө алтынды берет деп да пландалып жатат экен. Бул да өтө жакшы колдоо дейт элем. Азыр биз “Кыргызалтындан” алтын куймаларды сатып алып, буюмдарыбызды жасап жатабыз. Азыр кардарлардан сунуштар келип жатат, жеткиликтүү баада зер буюмдарын чыгарыңызчы деп. Продукция арзан, орточо жана люкс деп бөлүнөт да. Азыр жеткиликтүү баада көп санда сатыла турган зер буюмдарыбыз даярдалууда. Жакында сатыкка чыгат. Ошондой эле алдыда өндүрүшүбүздү кеңейтсек деген пландарыбыз бар.
Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева
Сүрөттөр «Кабар.кж» агенттигине таандык
Булак: Кабар.кж

