Бишкектин тургуну батирин сатып, 10 млн 600 миң сомун алдамчыларга кармата салган


Шылуундар алгач телефондон өздөрүн УКМК, ИИМ кызматкерибиз деп тааныштырган. Алар жабырлануучунун атынан террорчу уюмга акча которулганын айтып, иш козголот деп коркуткан. Натыйжада жаран батирин сатып, акчасын алдамчыларга которуп берген.

Кылмышка шектелген 26 жана 22 жаштагы үч шектүү кармалды.