Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрү жана Америка Кошмо Штаттары катышкан B5+1 Эл аралык бизнес-форуму болуп өттү. Форумга Кыргыз Республикасын, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ делегациялары катышты.
Форум аймактык бизнес-диалогду өнүктүрүүчү аянтча болуп, Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын соода-экономикалык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого арналды. Иш-чаранын программасы боюнча пленардык жыйындар жана тармактык сессиялар өткөрүлүп, артыкчылыктуу кызматташтык багыттары, анын ичинде айыл чарба тармагы каралды.
Тармактык сессия I: «B5+1 форматындагы айыл чарба боюнча региондук бизнес-программа» деп аталган сессияда Кыргыз Республикасын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Дуйшеев Мирбек Иманкадырович өкүлчүлүк кылып, агрардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулуктун өз ара аракетин күчөтүү маселелерин талкуулады.
Сессияда Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө арналган артыкчылыктуу багыттарга өзгөчө көңүл бурулду.
Талкуулардын жыйынтыгында төмөнкү негизги багыттар белгиленди:
Агрардык сектордо санариптештирилген жеткирүү чынжырларын өнүктүрүү, бул өндүрүштүн жана айыл чарба продукциясын сатуунун ачык-айкындуулугун, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатат;
Тармактык стандарттарды ылайыкташтыруу, анын ичинде продукциянын сапаты, коопсуздугу жана сертификациясы боюнча талаптарды жөнгө салуу, бул өз ара сооданы жеңилдетип, тышкы рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк берет;
Агрардык продукциянын экспорттук потенциалын жогорулатуу, эл аралык сапат стандарттарын киргизүү жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн атаандаштык жөндөмдүүлүгүн күчөтүү аркылуу.
Өз сөзүндө М.И. Дуйшеев Кыргыз Республикасынын аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өлкөнүн B5+1 форматында АКШ рыногуна этап-этабы менен айыл чарба продукциясын чыгарууга даяр экенин белгиледи. Бул процесске кооперацияны өнүктүрүү, эл аралык стандарттарды сактоо жана АКШнын бизнес чөйрөсү менен өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө кирет.

