Кыргызстандын муфтияты Рамазан айынын графигин бекитти


2026-жылы Рамазан айы Кыргызстанда 19-февралда башталат, деп билдирди ДУМК. Бул дата Өзбекстанда өткөн Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтийлер кеңешинде бекитилип, аймакта орозону бир убакта баштоого шарт түздү.

Орозонун биринчи күнү 19-февралга (бейшемби) туура келет. 18-февралдын кечинде Кыргызстандагы мечиттерде таравих намазы окулуп баштайт, дин башкармалыгы орозого даярдык жана диний талаптарды сактоо маанилүү экенин эскертти.