Ысык-Көл облусу жакынкы жылдары таза суу менен толук камсыздалат


Бүгүн, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында курулган таза суу объектисинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев катышты.