Бишкекте “Мекке шаарына ажылык уюштуруп” берем деп, бирөөдөн 110 миң сом алып изин суутуп кетүүгө шектелген киши кармалды.
Октябрь РИИБинин айтымында, Х.А. аттуу шектүү жабырлануучудан акчаны 12-январда алган бойдон дайынсыз болуп кеткен. 24 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

