17 жаштагы Айсулууну өлтүрүүгө шектелген Кумарбек тергөө абагында асынып алды


17 жаштагы Айсулууну зордуктап, өлтүрүүгө шектелген Кумарбек Абдыров бүгүн СИЗО-1де асынган абалда табылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.

Абдыров былтыр 17 жаштагы Айсулууну өлтүрүүгө шектелип кармалган соң буга чейин бир нече кызды өлтүргөнүн моюндаган.