Өткөн дем алыш күндөрү Чүй облусунун Москва жана Талас облусунун Айтматов райондорунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган азык-түлүк жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Аталган жарманке райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана айыл өкмөттөрү менен биргеликте өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга эт азыктары, жашылча-жемиштер, ун, май, шекер жана башка негизги азык-түлүк түрлөрү жеткиликтүү жана туруктуу баада сунушталды.
Жарманкеге жергиликтүү дыйкан-фермерлер жана өндүрүүчүлөр активдүү катышып, өз продукцияларын ортомчусуз түз сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн түз байланыш түзүүсүнө өбөлгө болуп, калк үчүн азык-түлүк бааларынын төмөн болушуна шарт түздү.
Иш-чаранын негизги максаты — калкты сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк менен камсыз кылуу, социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн бааларынын турукташуусуна көмөк көрсөтүү жана ички рынокту колдоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, учурда республика боюнча азык-түлүк коопсуздугу толук камсыздалган. Социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын запастары жетиштүү көлөмдө болуп, өлкө аймагында азык-түлүк тартыштыгы жок. Бул багытта министрлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан рынокко туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, калкты үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштери улантылууда.

