Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова Баткен облусунун Кадамжай районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Алгач эл өкүлү Кадамжай шаарында жайгашкан Бабажан Айтматов орто мектебинде мугалимдер менен баарлашып, билим берүү тармагындагы орчундуу көйгөйлөр жана мектептин негизги муктаждыктары тууралуу кеңири пикир алышты.



Андан соң Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында тийиштүү жетекчилер менен жолугуп, аймактагы социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык маселелерди чечүү жолдорун талкуулады. Айрыкча калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык колдоону күчөтүү иштерине көңүл бурулду.
Иш сапарды улай шайлоочулар менен да жолугушкан депутат Бурун Аманова аларга депутаттык ишмердүүлүгү, мамлекетте жүргүзүлүп жаткан ири реформалар жана долбоорлор тууралуу учкай маалымат берди. Ошондой эле жарандардын суроо-талаптарын, сунуш-пикирлерин укту.

Эл өкүлү жергиликтүү эл тарабынан көтөрүлгөн ар бир көйгөйдүн маанилүүлүгүн белгилеп, аларды чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар менен иш алып барарын, парламентте да керектүү демилгелерди көтөрүп чыгарын билдирди.

