Президент 2026-жылдагы жазгы жана күзгү аскерге чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду


Президент Садыр Жапаров 18 жашка толгон эркек жарандарды жазгы жана күзгү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу, ошондой эле кызмат өтөө мөөнөтү бүткөн аскер кызматчыларын запаска бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, чакыруу 2026-жылдын март–май жана сентябрь–ноябрь айларында жүргүзүлөт. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.