Ош шаарында тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана курулат. Бул боюнча шаар мэри Жеңишбек Токторбаев жана Кытайдын «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест» компаниясынын жетекчиси Дай Дао концессиялык келишимге кол коюшту.
Завод жылына 310 миң тоннага чейин таштанды иштетип, анын негизинде электр энергиясын өндүрөт. Курулуш жакынкы күндөрү башталып, объект 2027-жылдын аягында пайдаланууга берилери айтылды.

