Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы боюнча кайрылуу жасады. Аны генералдын тарапташы журналист Нургазы Анаркулов жарыялады.
«Мен ооруп калып, Президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр, мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да Президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, Эли журтубуз, Президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!», — деп жазылат Ташиевдин кайрылуусунда.
Кечээ Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган.

