Японияда кардын чоң көлөмдө жаашынан улам 46 адам каза тапты


Японияда акыркы үч жуманын ичинде кардын чоң көлөмдө жаашынан улам 46 адам каза тапты. Бул тууралуу The Japan Times басылмасына таянып Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка ылайык, дагы 558 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

20-январдан тарта Япониянын түндүк аймактарында кар өтө чоң көлөмдө жаай баштаган. Мындай аба ырайынан улам өлкөдө олуттуу транспорттук кыйынчылыктар жаралган.

Жергиликтүү метеорологиялык кызматтын билдирүүсүнө ылайык, Хонсю аралынын түндүгүндө жайгашкан Аомори шаарында кардын калыңдыгы учурда 1,3 метрге жеткен