14-февралга карата аба ырайы


Бүгүн республиканын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 6…11, Талас аймагында 4…9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 11…16, Ысык-Көл өрөөнүндө 2…7, Нарын жергесинде -4…+1 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 7…9, Ош шаарында 12…14 градуска чейин жетет.