Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спортчулар Бишкектеги «Жаштык» аренада өткөн күрөш боюнча Super 4 Wrestling эл аралык турниринин алкагында беттешишти. Акжол Махмудов 82 кг салмакта болгариялык Айк Мнацаканянды 5:2 эсебинде утту. Жеңишке жеткен Акжол Махмудовго 10 миң доллар, Айк Мнацаканян 5 миң доллар берилет.
Буга чейин эки балбандын ортосундагы экиден жеңиши бар болчу. Алар төрт жолу кез келишкен.

