УКМК: Кылмышты жашырууга шектелип милициянын 3 кызматкери кармалды


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 3-бөлүгүндө (башка кылмышты жашыруу же аны жасоого көмөктөшүү) каралган кылмыш белгилери боюнча КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек ШИИБнин Свердлов РИИБнын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык шалаакылык жана кызматтык документтерди жасалмалоо фактылары боюнча, Свердлов РИИБнын милициянын лейтенанты «А.у.К.», милициянын лейтенанты «К.А.Т.» жана милициянын капитаны «К.М.К.» аттуу 3 кызматкер кармалды.
Кармалгандар КР УКМКнын тергөө камагына кармалды.
Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери козголуп, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.