№13 округдан шайланган депутаттар Жогорку Кеңеште ант беришти


Бүгүн, 18-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында №13 көп мандаттуу округдан шайланган Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова ант беришти. БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров аларга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырды.

Эске салсак, 2025-жылдын 30-ноябрында парламенттик шайлоо өткөн, бирок 3-декабрда БШК №13 округ боюнча шайлоону 35 участкалардагы мыйзам бузууларга байланыштуу жараксыз деп тааныган. Андан кийин 1-мартка кайра шайлоо белгиленген.

Бирок 13-февралда БШК кайра шайлоону токтотуп, 2025-жылдын 30-ноябрындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын мыйзамдуу деп тапкан. Ошондон кийин жаңы шайланган депутаттар парламентте ант беришти.