Парламент Жумгалбек Шабданбековду УКМК төрагасы кызматына дайындоого макулдугун берди


Депутаттар ага суроо берип, учурда УКМКнын кармалган кызматкерлери буга чейин жеке аудиторлорду жалдап алып, ишкерлерди өз билгениндей текшерип келгенин айтышты.

“Жеке аудитордун корутундусу менен мамлекетке зыян кылып атасың деп коркутуп-үркүтүп, мамлекетке “кустуруп” жүрүшкөн. Ушул маселелерди карап бересиз деп ишенем”, — деди эл өкүлү Исманали Жороев.