Президент Садыр Жапаров Ала-Арча жаратылыш паркындагы асма жолду ишке берип жатып, соңку жылдары инфратүзүм мамлекет тарабынан толугу менен жаңыланып жатканын билдирди.
«Узундугу бир чакырымды түзүп, саатына 1000ге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире ала турган асма жол Ала-Арчага келген эл жана чет өлкөлүк туристтер үчүн жаңы шарт, жаңы мүмкүнчүлүк десек болот. Аталган асма жол дүйнөгө белгилүү Doppelmayr австриялык компаниясы тарабынан курулду. Учурда компания Ысык-Көлдөгү «Ала-Тоо резорт» ири лыжа комплексинде да асма жол салып жатышат», — деди Жапаров.
Президент асма жол узартыларын, экинчи этабы аркылуу Ала-Арчаны комплекстүү өнүктүрүү улантыларын белгиледи. Жалпы 12 чакырым аралыкты камтып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын болгон аймактарына чейин барат. Иштер ушул жылдын март айында башталып, эмдиги жылы бүтөт деп мерчемделүүдө.
«Бул долбоор ишке ашканда жалпы элибиз да, туристтер да кыргыз тоолорунун ажайып жаратылышын, кайталангыс кооздугун көрүп, Кыргызстанды жаңы өңүттөн таанууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул аракеттер — өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам», — деди мамлекет башчы.

