Жайнак Үсөн уулу 2015-2019-жылдары НТС телеканалынын, андан кийин УТРКнын башчысы болгон. Ал эми парламенттин маалымат кызматынын буга чейинки жетекчиси Жайыл Русланов ЖК төрагасынын спичрайтери болду.
Ошондой эле спикердин маалымат катчысы кызматына Минура Абдыкалыкова келди. Ал көп жылдар бою ЖМКларда иштеп, ички иштер министринин жардамчысы да болгон.

