Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган “Агродиалог-2026” форумунун экинчи күнү старт алды.Бүгүн, мал чарбачылыгында ийгиликке жетишкен фермерлер кызыл килемден өтүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев аларды тосуп алды.
Бүгүн, “Сүт жана эт багытындагы мал чарбачылыгы”, “жылкы жана топоз чарбачылыгы”, “Кой жана эчки чарбачылыгы”, “Тоок жана балык чарбачылыгы”, “Аарычылык жана тоют даярдоо” боюнча чемпиондор өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт.

