Кыргыз жылкысын багып, «АгроДиалогдун» чемпиону болду


Ак-Талаа районунан келген фермер 2005-жылдан бери кыргыз жылкысын багып, анын санын көбөйтүү жана таза тукумун сактоо иши менен үзгүлтүксүз алектенип келет. Узак жылдык эмгектин жыйынтыгында 2025-жылы чарбадагы жылкыларга асыл тукум статусу ыйгарылды.
Кыргыз жылкысынын негизги өзгөчөлүгү — тоо-ташка жогорку деңгээлде ыңгайлашканы. 40–50 см кар жаткан шартта да чөптү өзү таап жей алат, тоолордо эркин жүрүп, оор шарттарда кыйналбайт. Бул касиеттери аны катаал климатта багууга эң ылайыктуу кылат. Фермер кыргыз жылкысынын санын көбөйтүп, бул баалуу тукумду жоготпой сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Жылкы ооруларга туруктуу, суукка чыдамкай, тоютту аз керектейт — бул анын чарбалык артыкчылыктарын дагы да арттырат.
Бүгүнкү күндө чарбада 50дөн ашык кыргыз жылкысы багылууда. Мындан тышкары, кыргыз жылкысынын айгырлары жырткычтарга, анын ичинде карышкырга да алдырбаган сак мүнөзү менен айырмаланат.
Бул демилге улуттук мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, кыргыз жылкысынын генетикалык байлыгын сактоого жана келечек муундарга өткөрүп берүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.