Фермада сүт багытындагы голштино-фриз породасы багылып, жогорку сүт өндүрүмдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул порода негизинен сүт алуу үчүн багылат.
Туура тоюттандыруу жана сапаттуу кам көрүүнүн натыйжасында айрым уйлар күнүнө 40–50 литрге чейин, ал эми орточо эсеп менен 23–25 литр сүт берип жатат.
Чарба 2021-жылдын июнунда ишин баштап, юридикалык жак катары катталган. Учурда фермада 8 адис иштеп, жалпысынан 87 баш голштино-фриз уйу багылууда.

